Бүгүн, 10-январда Жалал-Абад шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы сунуш кылган Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары Айнура Осмонова менен Абибилла Тагаевди депутаттык мандатынан ажыратып салуу маселеси каралды. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйынга аймактык шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн 9у катышты. Жыйынтыгында жыйынга катышкан шайлоо комиссиясынын 9 мүчөсүнүн жетөөсүнүн макулдугу менен аталган эки депутат мандаттарынан ажыратылды.
Эскерте кетсек, былтыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодон бул эки депутат «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен келип, депутаттык мандат алышкан.