“Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев “Центерраны” эле карап отура бербей “Кумтөр” боюнча дүйнөлүк ири компанияларга расмий кайрылуу жасоо керектигин айтып чыкты.
“Расмий кайрылуу жасап, аларга “биздин үлүш 67 пайыз болот, силерге 33 пайыз” десек иштеше турган компаниялар табылат. Алтургай “Кумтөр” боюнча “Центерра” менен соттошуп, жеңилсе чыгымын төлөп берүүгө макул компаниялар бар”,- деди депутат.
Өкмөт кыргыз тараптын кызыкчылыгы үчүн иштебей жатканын айткан эл өкүлү буларды кошумча кылды. “Бул вариантты өкмөт башчыга айтсам, “биз “Центерра” менен сүйлөшүп жаткандыктан башка эч кимге кайрылган жокпуз” дейт. Андан көрө чет элдик башка компанияларды чакырып туруп "Центеррага" “сен биздин талапка макул болбосоң “Кумтөрдү” бул компания иштетет. Керек болсо ал үчүн сени менен соттошууда да даяр” десе, балким, “Центерра” кепке келмек”.