Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча макулдашуу долбоорун ЖКдан кайтарып алуу боюнча А.Атамбаевден көрсөтмө албаганын айтты

Бүгүн, 10-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча макулдашуу долбоорун Жогорку Кеңештен артка чакыртып алуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевден көрсөтмө болбогонун айтты.

“Биз бул маселе боюнча президент менен сүйлөштүк, бирок андай көрсөтмө болгон жок”,- деди премьер.

Буга чейин макулдашуу долбоорун парламенттен чакыртып алуу боюнча өкмөткө президенттен көрсөтмө келгени айтылып келген болчу.

Эскерте кетсек, "Кумтөр" боюнча 2013-жылдын 23-декабрында өкмөт сунуштаган макулдашуу долбоору ЖКнын комитет жана фракцияларында каралмай болгон. Буга чейин парламенттин үлүштү 67 пайызга жеткирүү тапшырмасын өкмөт аткара алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан