Орус хоккейчиси Александр Овечкин легендарлуу рекордду жаңылады (видео)

АКШнын "Вашингтон Кэпиталз" хоккей клубунун орусиялык чабуулчусу Александр Овечкин легендарлуу канадалык Уэйн Грецкинин рекордун жаңылады.

Тагыраагы, Овечкин Улуттук хоккей лигасынын (НХЛ) кезектеги сезонунда карьерасындагы 895-шайбасын киргизип, Грецкинин 1994-жылдан бери келе жаткан 894 гол чегинен ашты. Ал бул рекордду "Нью-Йорк Айлендерс" менен конокто болгон беттештин 28-мүнөтүндө жаратты. Шайба дарбазага таамай киргенден кийин беттеш үзгүлтүккө учурап, рекордсмендин майрамы башталган.

Александр Овечкин 2005-жылы НХЛде дебют жасаган, ошондон бери АКШнын "Вашингтон Кэпиталз" клубунда ойноп келет. Быйылкы сезондо 39 жаштагы орусиялык чабуулчу команда үчүн 60 беттеш өткөрүп, 41 шайба киргизип, 27 жолу голдук шайба чыгарып берген.

Овечкиндин рекорду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан