Улуу Британиянын өкмөтү жарандарына Бишкек жана Оштун мэрлерин шайлоого жакын Кыргызстанга барбоо тууралуу маалымат таратты.
Өкмөттүн расмий сайтында Кыргыз Республикасындагы 15-январь күнү мэрлерди шайлоо тууралуу жазылат. Маалыматта “Аталган аралыкта сак болгула. ММКлардагы кабарлар менен таанышып тургула. Социалдык-экономикалык демонстрациялар Бишкектин борборунда жана өлкөнүн башка бөлүктөрүндө уюштурулушу мүмкүн” деп жазылат.