Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынбайт. Муну премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 10-январда журналисттерге билдирди. “Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Андыктан андай унаалардын киришине толук тыюу сала албайбыз. Айрым чектөөлөр кириши мүмкүн”,- деди Сатыбалдиев.