Рамзан Кадыров МАИ постуна кол салган адамдын үй-бүлөсүн Чеченстандан чыгарууга буйрук берди

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров полиция кызматкерине кол салууну уюштургандардын жана күнөөкөрлөрдүн үй-бүлөсүн жана бир туугандарын республикадан чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Тelegram каналында билдирди.

"Алардын ар бирин катуу жоопко тартабыз. Бул кылмышкерлердин өзүнө гана эмес, алардын аракеттерине тиешеси барларга дагы тиешелүү. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ар бир күнөөкөр мыйзам чегинде катуу жазага тартылсын деген тапшырма берилди", - деп баса белгиледи Кадыров.

Кадыров кошумчалагандай, ал күч органдарына кылмыштын уюштуруучуларынын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кылмышкерди республикадан чыгарууну тапшырган.

"Ички иштер министрлиги жана Орусиянын Улуттук гвардиясы менен биргеликте бул иштин артында тургандардын ата-энелерин, бир туугандарын республиканын аймагынан кууп чыгабыз. Алардын үй-мүлкү конфискацияланышы керек", - деди Кадыров.

Эске сала кетсек, 7-апрелде Чеченстанда МАИ постуна 17 жаштагы өспүрүм бычак менен кол салган. Ал эки МАИ кызматкеринин жарадар кылгандан кийин окуя болгон жерде жок кылынган. МАИ кызматкерлери ооруканага жеткирилип, алардын бири өзүнө келбей каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан