Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы макулдашуу долбоорун былтыркы меморандумга караганда жакшы кабыл алышты. Мындай пикирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 10-январда журналисттерге билдирди. “Жалпысынан депутаттардын маанайы сентябрь айындагыдан жакшы”,- деди ал.
Жаңы макулдашуу боюнча, биргелешкен ишкана түзүлсө документтеги бардык пункт Кыргызстандын мыйзамдары менен иштей турганын айтат өкмөт башчы. “Мурда Канаданын мыйзамы менен иштөөгө мажбур болуп келгенбиз. Эгер макулдашуу колдоо таппаса соттошууга барабыз”,- деди ал.