Белгисиз адамдар европалык туристтерди Балыкчыдан алып келе жаткан поездге таш ыргытышты

Белгисиз адамдар туристтик поезддин вагондорунун терезелерине таш ыргытып, талкалашты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Поезд Балыкчы шаарынан чыгып, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген туристтерди ташып бара жаткан. Натыйжада, поезддин 6 жана 8-вагондорунун терезелери сынган. Окуянын кесепетинен поезддик бригаданын бир кызматкери жаракат алган.
"Мындай көрүнүштөр жүргүнчүлөргө олуттуу ыңгайсыздык жаратат жана алардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат. Өзгөчө, мындай жагымсыз кыймыл-аракеттер чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугуна шек келтирип, Кыргызстандын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп билдиришти ишканадан.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы темир жол боюндагы калктуу конуштардын жашоочуларын жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга чакырды.
Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, туристтик поезд Кыргызстанга 7-апрелде келген. Туристтик поезддин багыты Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанды камтыйт. Поезд курамында 11 вагон бар, ал эми жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 80ден ашык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан