8-10-январь күндөрү Ош мамлекеттик социалдык университетинин окуу департаменти тарабынан жаш окутуучулардын сабакка болгон жоопкерчилигин, мамилесин жогорулатуу, ошондой эле заманбап технологияны колдонууну өздөштүрүүсү боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Арген Нуров билдирди.
Семинардын максаты - жаш окутуучуларга бүгүнкү күндүн талабына ылайык мультимедиялык класстарды пайдалануу.Сабактарга даярданууда жана өтүүдө компьютердик технологияны пайдалануу. Электрондук китепкананы колдонуу.Дистанттык (аралыктан) окуу системин өздөштүрүүдө электрондук байланышты колдонуу.
Уюштуруучулардын пикиринде, мындай аракеттер жаш окутуучуларга педагогикалык чеберчиликти, сабак өтүүнүн маданиятын ж.б. ыкмаларды пайдалануу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатып, кесипкөй адистерди даярдоо үчүн зарыл.