“Кумтөр” кениндеги запасты 2026-жылга чейин иштетүүгө болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-январдагы маалымат жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап "Кумтөрдүн" иштешине кызыкдар. “Кумтөр” - биздин келечегибиз. Ал 3 миң адамды жумуш орду менен камсыз кылып турат. Ошондуктан туруктуу иштеши керек. Терс божомолдорду айтпасак жакшы болмок”,- деди ал өз сөзүндө.