Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктардын ур-токмокко алынганы боюнча окуя териштирилип жатканын билдирди.
ТИМ өлкөнүн Орусиядагы элчилиги Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктардан кабар алганын, учурда аларга укуктук жардам берилип жатканын белгиледи.
Ошондой эле министрлик Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан эмгек мигранттарына жасалган мыйзамсыз аракеттер такталып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында Москвадагы кыргызстандык ишкердин мончосунда кыргыз жаранды сабалганын билдирип, видео жарыялаган болчу.