Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков эртең, 11-январда аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Чүй облусуна
иш сапары менен барат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төраганын иш сапарына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышат.
Иш сапардын алкагында А.Жээнбеков
Москва, Жайыл жана
Панфилов райондорундагы шайлоочулар
менен жолугушат.
Ошондой эле төрага баштаган
парламентчилер тобу бир
катар социалдык объектилерди жана билим
берүү мекемелерин, анын ичинде Жайыл районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Кара-Балта шаарындагы «Шарлотта» балдар кризистик
борборунун жана Сосновка айылындагы орто мектептин иши менен
таанышат.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, 2014-жылдын 8-11-январь аралыгында депутаттар өлкө аймактарындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышууда.