Москвада мончодо отурган кыргызстандыктардын үстүнө кирип барып сабагандар ОМОНдор болгон эмес. Мындай пикирин депутат Эрнис Айдаралиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.
Депутаттын айтымында, мончого кирип баргандар кыргызстандыктарга 5000, 10000 рублдан насыя алдырып, жок эле айыптарды төлөткөн.
"Биздин жарандарды мончодон алып чыкканы аз келгенсип, жок факты менен айып төлөтүптүр. Ал жерге киргендер ОМОНдор эмес экен, алар көчөдө жүргөндөр эле экен. Иштей албаган Тышкы иштер министрлигинин кереги жок. Бул жерде маселени жеринен чечиш керек. Элчиликтен ал жакка бирөө барыптыр "сурап койгону келдик" деп. Аны баары эле кылат да", - деди Айдаралиев.
Эске салсак, 12-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында Москвадагы кыргызстандык ишкердин мончосунда кыргыз жаранды сабалганын билдирип, видео жарыялаган болчу. Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктарга укуктук жардам берилип жатканын билдирген. ТИМ ошондой эле Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан эмгек мигранттарына жасалган мыйзамсыз аракеттер такталып жатканын кошумчалаган.