Сирияда жаңы орногон бийликти кулатуу аракети болгондугу айтылды

Сириянын атайын кызматтары өлкөдө мурдагы армиянын офицерлери даярдап жаткан төңкөрүштү алдын алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Сириянын ички иштер министри Анас Хаттаб: "Биз кулатылган режимдин офицерлери даярдап жаткан төңкөрүш пландарын жокко чыгардык, бул азыр тарыхта калды. Бул биздин куралдуу күчтөрдүн жана элибиздин аракетинин аркасында мүмкүн болду", - деди. Ал эми бийлик өкүлү төңкөрүш качанкыга пландалганын тактаган эмес.

Кошумчалангандай, Сириянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы бийликти кулатуу аракетин токтоткон соң өлкөдө башка коопсуздук кызматтар менен координацияны күчөтүү аркылуу кылмышкерлердин артынан түшүү үчүн жооптуу департамент түзүлгөндүгүн айткан.

Белгилей кетсек, сириялык оппозиция 2024-жылдын 8-декабрында Дамаскты көзөмөлгө алып, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган.

Ал эми 2 ай мурун Сириянын президенти болуп “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун лидери Ахмед аль-Шараа жарыялангандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан