Бишкекте мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 15-январда аяктайт
Билим берүү жана
илим министрлигинин буйругуна ылайык, Бишкекте мектеп окуучуларынын кышкы
каникулу 15-январда аяктайт. Муну шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка
таянсак, окуучулардын кышкы каникулу аба ырайынын сууктугуна байланыштуу жана
электр энергиясын үнөмдөө үчүн жазгы каникулдун эсебинен узартылды. Ал эми окуучулардын жазгы каникулу эки күнгө кыскартылат.