"Кимди ким коргоп жатат?" Парламентте министрдин отчётун угууда талаш жаралды (видео)

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-2026-окуу жылына карата жалпы билим берүү тармагынын даярдыгы боюнча билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат берди.

Талкуу жүрүп жаткан учурда депутат Ырысбек Атажанов ар бир фракциядан экиден эл өкүлүн гана сүйлөтүүнү сунуштады. Ал талкуу узакка созулуп жатканын, ошол эле учурда суроолор кайталанып жатканын айтты. Депутат Камила Талиева кесиптешинин сунушуна каршы болуп, депутаттарды талкууга чектөө киргизбөөгө чакырды.

"Шашып кайда барабыз? Кайсы жоо кубалап жатат? Кимди ким коргоп жатат? Биз билим берүүнү коргойлу, министрди коргобой! Кагылайындар, билим берүү менен маданият маселесине келгенде мамлекеттин келечегин ойлойлу! Талкуу толук кандуу болсун. Шашкандар болсо, барып жумушуңарды бүтүрүп келе бергиле, кагылайын депутаттар! Биз суроолорубузду берип алалы", - деди ал.

Депутат Мирлан Самыйкожо Атажановдун сунушун колдоп, аны добушка коюуну өтүндү.

"Алыбыз билим берүүгө эле жетип калбасын да. Бул жерде суроолорубуз кайталанып калбасын деген сунуш берилип жатат. Башка учурларда 20 мүнөттө эле бүтүп калып жатат го. Чоң отчёттор. Керек болсо 20 мүнөттө бюджет деле кабыл алынып кетип жатат го. А билим берүүгө келгенде, ар бирибиз билим берүүгө же кимдир бирөөгө болгон мамилебизди ортого сала бербейли", - деди ал.

Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, колдоо тапты.

Жогорку Кеңеш 17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан