АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүн күчтүү кылууну убадалады. Ал өз убадасын Truth Social баракчасына жарыялаган.
"Биргеликте биз Американы мындан да чоңураак, күчтүү, бай жана динчилирээк кылабыз", - деп жазган ал.
Трамп ошондой эле америкалыктарды жана мурдагы президент Жо Байденди Пасха майрамы менен куттуктаган.
Белгилей кетсек, Трамп 20-январдагы инаугурациясында АКШны мурдагыдан да чоң, күчтүү жана өзгөчө кылам деп убада кылган.
Кийинчерээк ал Кошмо Штаттардын кеңейтилген картасын да жарыялаган эле. Анда Канада АКШнын курамына киргизилгенин көрүүгө болот. Мындан тышкары америкалык лидер Гренландия аралын да өз өлкөсүнө бириктирүү идеясын айтып келет.