Бүгүн, 11-январда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды.
Жолугушууда вице-премьер-министр мамлекет башчыга өкмөттүн Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен бирдикте чек ара маселелерин чечүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди. Токон Мамытовдун айтымында, тиешелүү өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн активдештирүү жолу менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү милдети коюлуп жатат.
Вице-премьер-министр кыргыз тарап өз ишинде мамлекеттик чек аралардын сызыгын аныктоого байланыштуу маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамиле жасоону колдоп жатканын да айтты.
Президент Алмазбек Атамбаев Токон Мамытовго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө биринчи кезекте өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алып, чек араларда келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырма берди.