1-январдан баштап мигранттардын Орусияга кирүү жана чыгуу тартиби өзгөрдү

2014-жылдын 1-январынан баштап Орусияга кирүү жана ал өлкөдөн сыртка чыгуу тартиби кардиналдуу өзгөрдү. Муну 11-январда КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди. Буга Орусияда тийиштүү мыйзамдын күчүнө кириши себеп болду. Ал мыйзамга ылайык, визасы жок мамлекеттердин Орусиянын аймагында иштөөгө уруксаты, тийиштүү документи жок мигранттар, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын да Орусияда жүрүү мөөнөтүнө чек коюлат. Ал мөөнөт мурдагыдай 90 күн болмокчу. 

“Мисалы, мурда мигрант Орусияга барып жашап жана 90 күн аралыгында эмгектенип, иш издеп же мыйзамсыз иштеп жүрүп, мөөнөтү бүткөндөн кийин Орусиядан башка өлкөгө чыгып, ошол эле күнү же эртеси кайрадан Орусияга киришчү. Эми андайга мүмкүнчүлүк болбойт”,- деп билдирет элчилик.

Эми жаңы эрежеге ылайык, кыргызстандыктар Орусияга кайтып келе алышпайт. Мигранттын Орусиядагы 90 күндүк мөөнөтү аяктаганда, жарым жылда 3 ай гана жүрө алары айтылды. Орусияга барууну пландап жаткан чет элдик жарандар же кыргызстандык мигранттар алгач убактылуу жашоого, иштөөгө же патентке уруксат алуу аркылуу убактылуу мөөнөтүн узартуусу керек.

“Ай сайын патент алуу менен сиз 1-январдан баштап 1 жылга чейин убактылуу жүрүү мөөнөтүңүздү узартасыз. Бардык көрсөтүлгөн документтер Орусиянын Федералдык миграция кызматы органдарында тиркелген”,- деп маалымдайт элчилик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан