Орусиялык блогер Виктор Васильев Кыргызстанда жалданмачылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Биринчи май райондук сотуна таянуу менен билдирди.
"Васильев Кылмыш-жаза кодексинин "Жалданмачылык" беренеси боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда. Сот 2025-жылдын 17-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп жазылды анда.
Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, Виктор Васильев мурда Луковенко деген ысым менен чыгып, Орусияда кара терилүү студентти өлтүргөн деп соттолгон. Иликтөөлөргө ылайык, ал неонацисттик көз карашта болгон жана Евгений Пригожин менен байланышы бар чалгын кызматтар менен кызматташкан.
"Интерфакс" ошол эле иш боюнча аны менен бирге Оштогу орус үйүнүн кызматкери Наталья Секерина жана Ош мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Сергей Лапушкин кармалганын жазды. Аларга дагы "Жалданмачылык" беренеси боюнча айып тагылууда.
Расмий органдар Васильевдин кармалышы боюнча эч кандай ачык билдирүү жасай элек.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү ведомстволор дагы кырдаал боюнча комментарий бере элек.