Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталганы аныкталды. Бул туурасында облустук милициянын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, 16-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБине райондун Балдарды социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адиси арыз менен кайрылган. Анда 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран көп убакыттан бери жашы жете элек 2009-жылы туулган өгөй кызына карата физикалык зомбулук көрсөтүп, жыныстык катнашка баргандыгы айтылган. Ошондой эле окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгондугу кошумчаланган.
Арыздын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, топтолгон материалдар Сузак РИИБине жиберилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалып, Сузак райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.