Бүгүн, 11-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн башчылары менен Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу кеңешме өткөрдү.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев премьер-министрге окуя тууралуу маалымат берди. Ал тажик чек арачылары биринчилерден болуп ок атканын айтты.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Баткен облусуна жөнөп кетишкенин маалымдады.
“Учурда чыр-чатак токтотулду. Жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Мен тажик кесиптешим Муродали Алимардан менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Жогорудагы факт боюнча биргелешиш териштирүү иштерин жүргүзүүгө макулдашылды”, – деди Мамытов.
Премьер-министр чек араны күчөтүлгөн тартипте коргоо жагын күч түзүмдөрүнө дайындады. Баткен облусунун жергиликтүү бийлигине коомдук тартипти сактоо үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Ал эми Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын тиешелүү нотасын жолдоо ишин тапшырды.