Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Чүйдө шайлоочулар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-январда Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушту. 

Шайлоочулар менен болгон жолугушууда төрага Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, реформаларды жүргүзүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча сөз кылды. “Бир топ мезгилге чейин коррупция мамлекеттин турмушундагы бардык тармакта өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө тоскоол болуп келген. Биздин көздөгөн максатыбыз – коомду коррупциядан тазалоо, экономиканын өнүгүшүнө шарттарды түзүү, коррупцияланбаган укук коргоо органдарын, көз карандысыз сот тутумун, күчтүү армияны түзүү үчүн реформа жүргүзүү жана чек ара кызматын заманбап жабдуулар менен камсыздоо”,- дейт ал.

Жээнбеков парламенттик демократия коррупциядан системдүү тазалануунун кепилдиги экенин да айтты. “Парламенттик демократия жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү органдардын жана Жогорку Кеңештин татыктуу өкүлдөрүнүн тандалып алынуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Парламенттик демократиянын принциптери – өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин азайтууга көмөк көрсөтүүчү ачык-айкындык”,- деди төрага.

Жайыл, Панфилов жана Москва райондорунун тургундары арыз муңдарын айтышты. Анда жол, суу көйгөйлөрү айтылды. Шайлоочулар ички миграциянын деңгээлин басаңдатуу, мектептер жана ооруканалардын жетишсиздигин да белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан