“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга толуктоо кирди

Бүгүн, 11-январда президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган болчу.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын 24-беренесине толуктоо киргизилди, ага ылайык камсыздандыруу салымдарын эсептөөнүн жана төлөөнүн бирдиктүү механизми КРнын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан