Бишкекте 2012-жылы жол кырсыгына кабылган “Тез жардам” кызматынын унаасы оңдолуп, кайрадан ишке берилди. Муну мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мерседес Бенц унаасы кадимки режимде иштетилип жатат.
Эске салсак, 2012-жылы август айында борбор шаардын Манас-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде ичи кымбат баалуу медициналык жабдуулар менен жабдылган "Тез жардам" унаасы кырсыкка учураган. Андай унаалар өлкөдө саналуу гана. Аны оңдоо үчүн өлкө президенти тарабынан каражат бөлүнгөн.