Биз социалдык тармакта

Ош шаарына орнотулуучу гүл саатка акча жетпей жатат

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдына орнотулуучу гүл саатка акча жетишпей иш токтоп  турат. Бул тууралуу 11-январда мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирди.

"2013-жылдын күз айларында Ош шаарына гүл саат орнотуу демилгеси көтөрүлгөн. Уюштуруучулардын айтымында, сааттын наркы 640 миң сомго бааланган. 400 миң сом демөөрчүлөр берип, саатты жасатуу үчүн Санкт-Петербург шаарындагы завод менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Саатты орнотуу үчүн калаада атайын марафон да уюштурулду. Бирок бүгүнкү күнгө чейин каражаттын жетишсиздигинен орнотуу иши баштала элек",- деди Жунусбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан