7-майдан 8-майга караган түнү Орусияда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата ок атууну 72 саатка токтотуу чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, ок атууну токтотуу 7-майда Москва убактысы боюнча түнкү саат 00:00дөн 11-май түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Президенттин чечими гуманитардык негиздерди эске алуу менен кабыл алынганы белгиленди.
Орусия Украина да ушул демилгени колдойт деп үмүт кылууда. Бирок Украина тарап узак мөөнөттүү, ок атышууну жок дегенде 30 күнгө токтотууну гана колдой турганын жарыялаган. Владимир Зеленский Москвадагы Жеңиш парадына барчу чет элдик өкүлдөргө коопсуздук кепилдигин бере албасын билдирген.
Айта кетсек, бул демилгени Владимир Путин 28-апрелде көтөрүп чыккан. 6-майга караган түнү жасалган Украинанын чабуулунан кийин Кремль дагы бир жолу Орусиянын май айындагы убактылуу тынчтыкка байланыштуу позициясын эске салды.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия өз демилгесин күчүндө калтырарын, бирок Украина тараптан кандай гана болбосун кол салуу аракетине "тийиштүү жооп" берерин белгиледи. Ошондой эле ал Украина майрамдык тынчтык демилгесин колдоо боюнча расмий билдирүү жасай элек экенин кошумчалады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да 6-май күнү Москва үч күнгө согуштук аракеттерди токтоторун ырастады. Бирок ал Украина буга чейин Пасха майрамындагы ок атууну токтотуу режимин бузганын эске салды.
АКШ президенти Дональд Трамп Путиндин демилгесин жогору баалаган. Ал Ак үйдө журналисттерге маалымат берип жатып, үч күнгө созулган ок атууну токтотуу сыртынан маанисиз көрүнгөнү менен чоң мааниге ээ экенин айтты. Айтымында, бул - мурдагы президент Жо Байдендин тушундагы абал менен салыштырганда чоң жетишкендик.