Садыр Жапаров жоокерлерге үстөмдүк көрсөтүлгөн окуя боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 12-майда президент Садыр Жапаров жоокерлерге көрсөтүлгөн үстөмдүк окуясы боюнча өз тынчсыздануусун билдирип, тапшырмаларды берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Өлкө жетекчилиги күч түзүмдөрүндө мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоо, аскердик кызмат өтөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, анын кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды мекенчилдик жана мамлекетти сыйлоо духунда тарбиялоо саясатын ырааттуу жүргүзүп келет. Мунун фонунда аскердик кызматтын ар-намысына шек келтирген жана элдин ишенимин кетирген учурлар жол берилгис болуп саналат.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык тиешелүү органдар бул окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко тартылышы керек", - деп белгилеген маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-майда социалдык тармактарда өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат таратып, окуя февраль айында орун алганын маалымдаган.

Бул арада Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, президент Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан