Жеке ишкер Рысгүл Акимжанова Эверестти багындырууга бара жатат. Ал социалдык желедеги баракчасынан видео бөлүшүп, чокуну багындырууда тыныгуу алуучу жатактардын экинчисинен үчүнчүсүнө бара жаткандыгын билдирди.
Тасмада ишкер айым муз каптаган аска-зоолордогу жолдорду, жанында бара жаткан шериктерин, тыныгуу учурундагы көз ирмемдерин тартып жарыялаган. Дагы бир жатактан соң Эверестти багындыра тургандыгын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчилерден болуп альпинист Асел Байбагышева багындырды.
SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.