Асел Байбагышева Эвересттен негизги жатакка түшүп келди (видео)

Эверестти багындырган Асел Байбагышева чокудан түшүп келди. Аны негизги жатакта дүйнөнүн төрт бурчунан келген альпинисттер жылуу тосуп алышты. Бул тууралуу альпинист Кадыр Сайдилкан социалдык желедеги баракчасы аркылуу билдирди.

"Кыргыздын баатыр кызын негизги жатакта ушундай тосуп алдык. Дүйнөнүн төрт тарабынан келген альпинисттер Асел менен учурашууга келишти", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчи болуп альпинист Асел Байбагышева багындырды. Ал 54 саатта чокуга чыккан.

SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.

13.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан