Премьер-министр: "Быйыл бир дыйканга берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмү 400 миң сомго чейин жетет"

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 11-январь күнү 2014-жылкы жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү жөнүндө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр жакынкы күндөрү “Айыл чарбасын каржылоо -2” жөнүндө өкмөттүн токтомуна кол коёрун билдирди.
"Быйыл былтыркыга караганда дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды көп берүү болжолдонууда. Башкача айтканда, 4 миллиард сомдон кем эмес суммадагы каражат багытталып, бир дыйканга берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмү 400 миң сомго чейин жетет. Бул каражаттар 2014-2015-жылдары ата мекендик аграрчылар менен айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчүлөрдү колдоого жумшалат",- деди Жантөрө Сатыбалдиев. 
Мындан сырткары талаачылыкка берилүүчү насыялар да эки жылдык мөөнөткө бериле тургандыгын айтты. "Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыянын үстөгү 10 пайыздык деңгээлде калгандыгын, ал эми кайра иштетүүчүлөр үчүн насыялардын үстөгү 1 пайызга төмөндөтүлүп, 9 пайызды түзөт",- деди өкмөт башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан