"Кызганычтан улам жашырып коюшу мүмкүн". Бишкекте күйөөсү менен аялы изделүүдө

Бишкекте 33 жашта аял жана 41 жаштагы эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-майда саат 23:30 чамасында милицияга билдирүү түшкөн. Анда ушул эле күнү саат 15:40 чамасында 1992-жылы туулган Мээрим Кайрат кызы жумушунан 1984-жылы туулган жолдошу Тимур Абдразаков менен бирге чыгып кеткен боюнча кабары жок экендиги айтылган. Милиция эркек киши кызганычтан улам аялын белгисиз жерде кармап турушу мүмкүн экенин билдирди.

Аталган факт Ленин РИИБине катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда издөө иштери уланууда.

Маалыматы бар жарандар 0700 050 505 же 102 телефон номурларына байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2025-05-13 11:59:00
Мейманканада жатышса керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан