Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 11-январь күнү быйылкы жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү жөнүндө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев быйыл кайра иштетүү чөйрөсүнө насыя берүүдө сүт, эт жана жашылча өндүрүү багыттарына, өсүмдүк майын жана кант өндүрүүгө артыкчылык берилерин белгиледи.
Министрдин айтымында, 2014-жылы кант кызылчасы эгилген аянттар былтыркыга караганда 3 миң гектарга көп болот. Мындан улам сезон учурунда «Кайыңды кант» ачык акционердик коомун толук кубаттуулук менен иштетүү күтүлүп жатканын кошумчалады.
Премьер-министр 200 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алуу боюнча Өзбекстан тарап менен келишим түзүлгөнүн кошумчалап, мамлекеттик банктар «Айыл банктын» жана «РСК банктын» жетекчилерине жеңилдетилген насыяларды берүү шарттарын жөнөкөйлөтүүнү тапшырды.
"Өткөн жылы дыйкандар насыяны алууга 20 күн жана андан да көп убакыт коротушкан учурлар болгон. Бардык райондордун борборлорунда жана калк жашаган ири айылдарда “бирдиктүү терезелер” ачылып, дыйкандарды тез жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек",- деди Жантөрө Сатыбалдиев.