2013-жылдын 1-февралына карата Кыргызстан боюнча пенсия алгандардын саны 579 291 адамды түзгөн. Социалдык фонддун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, пенсияны “Кыргыз почтасынын” филиалдары аркылуу 405 835 (70,1 пайыз), банктар аркылуу 173 456 адам (29,9 пайыз) алат. Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан 2013-жылы 1 миллиард 390 миллион сом каржыланса, эмгекчилерди ден соолугу үчүн фондунан жарандарга 174,4 миллион сом каражат берилген.