Быйыл сугат суу тартыш болгондуктан күзүндө буудай, арпа кымбат болушу мүмүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дыйкандарга сугат суу жетишсиз болуп, көптөгөн эгиндер сугарылбай калган.
"Аба ырайы тез өзгөрүп, күн катуу ысып кеткендиктен, суунун тартыштыгы жаралууда. Учурда дыйкандар кыйналып жатыптыр. Мамлекет тараптан комиссия түзүлүп, аларга жардам берүү керек. Дыйкандар "күзүндө эмне кылабыз, кандай кылып жан багабыз?" деп ойлонуп жатышат.
Анан күн тез ысып кеткендиктен, чегирткелер көп болуп, чыгып калган эгиндерди жеп башташыптыр. Буга тийиштүү органдар барып, дары чачып жок кылуу иш-чараларын жүргүзбөсө дыйкандарыбыз эккен эгиндеринен ажырап калышат. Быйыл кургакчыл болуп, күзүндө буудай, арпа, күзгү эгиндердин кымбат болору көрүнүп эле турат. Өкмөт алдын ала иш жүргүзбөсө кийин кеч болуп калат", - деди депутат.