“Түндүк электр” ААКынын маалыматына ылайык, бүгүн, 13-январда Бишкектин чыгыш тарабында жана Чүйдүн айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлдү.
Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка, Ленин, Сары-Жон, Жедигер, Чоң-Далы, Жар-Башы, Боз-Бармак, Бирлик айылдарында подстанциялардагы оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 14:00гө чейин жарык өчүрүлөт.
Бишкектин чыгыш автобекети, Кара-Жыгач жаңы конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин, Арча-Бешиктеги станцияны оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.