Курулуш министрлиги курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды күчөткөнүн билдирди.
Министрлик тиешелүү буйрук кырсыктарды жана уруксатсыз иш-чараларды болтурбоо максатында кабыл алынганын белгиледи.
Ага ылайык:
- Коопсуздук боюнча инструктаждан өтпөгөн жана расмий таризделбеген адамдардын объекттерге кирүүсүнө тыюу салынды;
- Курулуш аймагында расмий уруксатсыз иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды;
- Бардык объекттерде өткөрүү режими, жеке коргонуу каражаттары, жардам аптечкалары, инструкциялар жана инструктаж журналдары камсыздалууга тийиш;
- Инженерлер, өзгөчө бийиктикте жүргүзүлгөн иштерге көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин үзгүлтүксүз текшерип турушу зарыл.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө курулуш министринин орун басары Бакай Турдугуловго жүктөлгөн.