Эверестти багындырган Асел Байбагышева өлкөгө кайтып келди

Дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверест тоосун ийгиликтүү багындырган Асел Байбагышеваны салтанаттуу тосуп алуу аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдагандай, бүгүн, 17-майда альпинист айымды "Манас" эл аралык аэропортунан аталган агенттиктин жетекчиси Айбек Абдымомунов, Байбагышеванын жакындары жана анын эрдигине суктанган көптөгөн күйөрмандар, журналисттер тосуп алышкан.

"Бийиктикти болгону 54 саатта багындыруу – бул сиздин мыкты даярдыгыңыздын жана сынбас эркиңиздин далили. Кыргызстан Эверестти багындырган биринчи айым альпинист менен сыймыктанып, ошону менен бирге жаштар сизди үлгү катары көрүп, алардын эң бийик максаттарга умтулуусуна шык болот", – деген Абдымомунов.

Асел Байбагышева жылуу тосуп алгандарга жана колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, өлкө атынан Эверестте жүргөндө чоң жоопкерчиликти сезгенин белгилеген.

Эске салсак, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчи болуп альпинист Асел Байбагышева багындырды.

SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан