Баткендеги Ак-Сай -Көк-Таш жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 9 чакырым 200 метр. Жолдун 4 чакырымы буга чейин тегизделген. Жол бүтсө, Ак-Сай айылынын тургундары облустун борбору Баткен шаарына Тажикстанга кирбей эле каттай алышат. Ал эми жол куруучулардын коопсуздугун сактоо үчүн куралдуу күч кызматкерлери тартылган.
Белгилей кетсек, аталган жолдун курулушу 2013-жылдын 17-декабрынан 18ине караган түнү Баткен районунун Ак-Сай айылында болгон Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалдан кийин кайрадан жандандырылган.