Жалал-Абад шаарындагы суу каналдарында жайгашкан көпүрөлөрдүн асты агынды суулардан келген таштанды калдыктарга толуп калганына байланыштуу тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевдин көзөмөлү астында болуп, атайын 2 техниканын жардамы менен Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлгөн. Бул өңдүү тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлөрүн жана жаан-чачындан пайда болгон селдердин алдын алуу үчүн тазалоо иштерине атайын каражат бөлүнөрүн мэр Мухтар Арапбаев билдирген.