Садыр Жапаров Сыдыковду Жогорку соттун судьялыгынан бошотууну сунуштады 

Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Аскат Сыдыковду Жогорку соттун судьялыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.

Отурумда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Сыдыковду ээлеген кызматынан бошотуу менен бирге судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу сунушун президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Жыйынтыгында комитет сунушту колдоп, аталган маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан