"Чагымчыл сөздөр айтылды". Депутат Акаев тил мыйзамына каршы чыккан кесиптештерине нааразы (видео)

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун сынга алган кесиптештерине нааразы болду.

Ал айрым эл өкүлдөрү мыйзамдагы нормаларды чаташтырып жатканын да белгиледи.

"Бул мыйзамда кайсы бир тилге болгон чектөө жок. Бул жерде кээ бир кесиптештер тарабынан кадимкидей чагымчыл сөздөр айтылды. Айып пул жарнактар боюнча болуп жатат. Мыйзамда тилди билбеген депутаттыкка талапкерлерге айып пул салуу деген норма жок. Дүйнөдөгү чакан мамлекеттер эгемендүүлүгү, улуттук тили үчүн күрөшүп жатышат. Анан ушундайда биз дагы деле кулчулук аң-сезимден кетпей башкаларга жүгүнүп, кулдук уруп, "ошолорго жагынып калсак экен" деген саясатыбызды токтотпойлубу.

"Туура 100 жыл мурун өзүбүздүн мамлекетибиз, тилибиз болсун" деп аталарыбыз атылып кеткен. Эми ушул кыргыз тилин колдоп коёлу деген мыйзамга кантип каршы чыгабыз? Биз биринчи кезекте өзүбүздүн өлкөнүн элине жагынышыбыз керек, кайсы бир өлкөгө эмес", - деди Акаев.

Айта кетсек, бүгүнкү парламенттин отурумунда айрым депутаттар кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун сынга алышты.

Жогорку Кеңеш 21.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан