Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки тараптык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүү пландалууда.
12-январда ооруканага жеткирилген аскерлердин ден соолугу жакшы жана аларга чек ара мекемелеринин дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлүүдө.
Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.