Өкмөт жооп берет: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эжем мамлекеттен үй ала алабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Эжемдин күйөөсү менен ажырашып кеткенине 10 жылдан ашты. 4 баласы бар. Улуусу 22де, кичүүсү 13 жашта. Бишкекте батирде турушат. Эжем мурун тигүү цехинде иштечү. Инсульт болгонуна байланыштуу азыр эч жерде иштебейт. Колу-буту кыймылдабайт. Үй-бүлөсүндө жалгыз улуу кызы иштейт. Анын тапканы батир акысын төлөөгө араң жетет. Сурайын дегеним, эжемдин үй-бүлөсү мамлекет тарабынан үй-жайга ээ боло алабы? Кандай жардам ала алышат? Кимге кайрылсак болот? Суроо калтырган sabyr86

Жооп: - Эжеңиз мамлекеттен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени боюнча жөлөк пул ала алат. Ал үчүн төмөнкүдөй медициналык жөндөмөлөрдү даярдоо зарыл:

- саламаттыкты сактоо мекемесинин жолдомосу форма-88 (жолдомо мөөнөтү үч айга чейин жарактуу, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу).

- паспорт же паспорттун ордуна берилген маалым кат, Ички иштер министрлиги тарабынан;

- оорусун далилдеген медициналык документтер (изилдөөнүн жыйынтыктары, оорунун тарыхынын көчүрмөлөрү);

- амбулатордук китепчеси;

- эмгек китепчеси (иштегендер үчүн); Көрсөтүлгөн документтердин негизинде район аралык медициналык эксперттик комиссияга (МСЭК) кайрылгандан кийин тийиштүү чечим чыгат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги бюджеттик мекеме болгондуктан, атайын эсеп фондунун жоктугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин жана турак жай салууга жер берүү, үй берүү маселеси министрликтин компетенциясына кирбегендигин билдирет.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан