“Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык 13-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 820 миллион метр кубду түздү. 2013-жылы бул көрсөткүч 14 миллиард 305 миллион метр куб болгон.
Суу сактагычка кирген суунун көлөмү секундасына 156 метр куб болсо, өткөн жылы 146 метр кубду көрсөткөн.
Ал эми агып чыккан суунун көлөмү бүгүн 723 метр кубду көрсөтсө, 2013-жылы секундуна 652 метр кубду түзгөн.