Бүгүн, 28-майда "Клооптун" Оштогу журналисти Зыягүл Болот кызынын үйүндө тинтүү жүрүп, өзүн УКМК суракка алып кетти. Бул тууралуу "Клооп" медиасы анын жакындарына таянып, жазып чыкты.
Алардын айтымында, жарандык кийимчен адамдар өздөрүн УКМКнын кызматкерлери деп тааныштырган. Аны менен катар Болот кызынын иш ноутбугун, уюлдук телефонун кошо ала кетишкен.
Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз.