Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева Баткендеги атышууда жаракат алган чек арачылардын абалы менен таанышышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева Баткендеги атышууда жарадар болуп Бишкекке алып келинген чек арачылардын абалы менен таанышышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өкмөт башчынын басма сөз кызматчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-январда түштөн кийин үч чек арачы, лейтенанттар Токтоматов Алтынбек, Буйлашев Изат жана прапорщик Асылбеков Кутман учак менен Бишкекке алынып келинген. Бирөө Улуттук госпиталга, экөө №4-шаардык ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан