Ош шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков: "Шайлоо күнү тынчтык митинги болушу күтүлүүдө"

Бүгүн, 13-январда Ош шаардык мэриясында шайлоого байланыштуу күч структураларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Анда мэрдин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков шайлоо күнү баш аламандыкты болтурбоо жана шаар тургундарын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди. 

"Өзүңөр билгендей, 15-январда келечектеги мэр шайланат. Бизге "ошол күнү тынчтык митингине чыгабыз" деп телефон аркылуу билдирүүлөр келип жатат. Тынчтык митингин өткөрөбүз дегендер үчүн уруксат беребиз. Бирок ал тынчтык митинги болушу керек. Ансыз да шаар тургундары шайлоодон кооптонуп жатышат",- деди Байгазаков өз сөзүндө. 

Эске салсак, Ош мэрин шайлоо 15-январга белгиленген. Мэрликке Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан