КРнын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон куралдуу чатакка байланыштуу расмий түрдө эки нота жөнөттү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, нотада кыргыз тарап тажик аскерлеринин курал колдонуп, укукка каршы келген аракеттерине тынчсызданганы айтылат. Ал эми экинчи нотада чек арадагы жагдай турукташканча кыргыз тарап бардык чек ара бекеттерин жапканы маалымдалган.